АЛА ГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА ГҮЛ (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чала бадал. Сабагынын узундугу 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү Ала гүл кеӊири таралган. Алтай Ала гүлү тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.