АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ ‒ б. з. ч. 1-миӊ жылда ‒ б. з. 13‒14-кылымдарына мүнөздүү археологиялык эстелик. Нарын шаарынан 6км батыш тарапта, Нарын дарыясынын оӊ өйүзүндө, Ала-Мышык тоосунун этегинде жайгашкан. 125тен ашуун таш дөбө-мүрзөдөн турат. Көрүстөндөгү адамдын сөөктөрү топурак жана казанактуу көрлөргө коюлган. Сөөктү көмөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган көрүстөн өзгөчө кызыгууну туудурат. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 см тереӊдикте үзөӊгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуӊкурча табылган. Маркумду көмүүдө отту колдонуу жана көрүстөндүн бир жерине чуӊкурча казып, буюм жашыруу енисейлик кыргыздарга мүнөздүү салт. Окумуштуулардын пикири боюнча енисейлик жана теӊиртоолук кыргыздардын маркумду көмүү салтындагы айрым элементтеринин окшоштугу алардын этномаданий жалпылыгынан кабар берет. Байыркы түрк дооруна таандык балбал таштар жана алар орнотулуучу төрт чарчы таш коргончолор бар. Ала-Мышык көрүстөнүн 1945‒49-жылдары А. Н. Бернштам , 1954-жылы А. К. Кибиров , 1989-жылы К. Ш. Табалдиев жана Ю. С. Худяковдор изилдешкен.

                                                                                                                      К. Табалдиев.