АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:45, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ, Г е р о н т о к р а т и я ‒ бийлик жамааттын жашы боюнча эӊ улуусуна таандык болгон коомдук түзүлүштүн баштапкы формасы. Аксакалдар бийлиги илимде геронтократия (gerontos ‒ улгайган жана kratos ‒ күч, бийлик) деп аталат, бул терминди илимий колдонууга англиялык этнограф У. Риверс коомдун алгачкы мезгилинде бийлик аксакалдардын колунда болгонун белгилөө үчүн киргизген. Ал аксакалдар бийлиги австралиялыктар жана Океаниянын айрым элдери үчүн мүнөздүү деген жыйынтыкка келген жана чыгыш элдерин изилдей алган эмес. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда аксакалдар абдан таасирдүү болгон. Ар бир уруунун, айылдын, өрөөндүн эли сыймыктанар, туу тутар, акылга шерик, нарктуу, кутман карылары болгон. Алар ар кандай деӊгээлдеги маселелерди, көйгөйлөрдү, даттанууларды ошол жердеги дөбөгө чогулуп, калыстык менен чечишкен. Аксакалдардын бүтүмү оозеки мыйзам болуп, эч ким буза албаган. Үй-бүлөдөгү, коомдогу, чарбадагы иштердин бардыгы алардын кеӊеши менен жүргүзүлгөн. Туугандардын, бирге иштегендердин, кошуналардын ж. б. эӊ улуусуна баш ийүү, андан кеӊеш суроо сыяктуу аксакалдар бийлигинин элементтери азыр да эл ичинде жолугат.