АКРОПОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:21, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРОПОЛЬ (гр. akropolis ‒ бийиктеги шаар) ‒ байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайы. Аны курчай шаар чиркөөлөрү ж. б. коомдук курулуштар жайланышкан. Акрополь жеринин бийиктиги, дубалынын калыӊдыгы жана бекемдиги менен айырмаланып, согуш мезгилинде шаар калкынын душмандардан коргонуучу, ошондой эле кудайга сыйынуучу касиеттүү жайы болгон.

Афины ‒ Акрополу

Бүгүнкү күндө Афины, Парфенон, Эрехтейон, Ники-Аптерос сыяктуу шаарлардагы Акрополдор дүйнө жүзүнө белгилүү.