АКНАЗАРОВА Роза
АКНАЗАРОВА Роза Корчубековна (6. 12. 1955-жылы туулган, Жалал‑Абад облусу, Чаткал району, Янги‑Базар айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (2005), профессор (2005), КРдин экономикага эмгек сиңирген ишмери (1998). КМУну (1978), Москвадагы Бүткүл союздук илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (1984) бүтүргөн. ФПИде окутуучу (1978‑81), Кыргыз экономика жана айыл чарба илим-изилдөө институтунда сектор башчы (1992), КРдин Улуттук банкында башкармалыктын начальниги, башкы бухгалтер (1992‑96), ДЕБРА агентчилигинин директору (1996‑99), КРдин Социалдык фондунун председатели‑министр (1999-2000), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000‑01), КРдин Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри (2001‑05), КМУда окутуучу (1998‑2006), «Эл ынтымагы» социал‑демократиялык партиянын төрайымы болуп иштеген. 30дан ашуун илимий эмгектери, анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Негизги эмгектери рынок шартындагы айыл чарбасынын социалдык‑экономикалык проблемаларына арналган.
Эмг.: Рынок жана экономикалык саясат. Б., 1998; Социально‑экономические проблемы аграрной реформы. Б., 1999; Формирование и эффективное развитие финансовой системы аграрного сектора Кыргызстана. Б., 2002; Экономическая эффективность аграрного сектора в условиях формирования рыночной финансовой системы. Б., 2004.