АКИНАК
Jump to navigation
Jump to search
АКИНАК (гр. akinakes – кыска) – темирден жасалган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Б. з. ч. 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс жана сак жоокерлери колдонгон.
Анын узундугу 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу жана ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Сабынын учу жүрөк, жарым ай жана жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр менен кооздолгон. Кеч сак жана усун доорунда темирден жасала баштаган. Кыргызстанда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн акинактар табылган.
О. А. Солтобаев.