АК-ТАШ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:09, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАШ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ‒ алгачкы темир доору жана орто кылымдарга таандык көрүстөндөр тобу. Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Соӊ-Көлдүн чыгыш тарабында, Калмак-Ашуудан түшө бериште жайгашкан. Алгач археолог А. К. Кибиров (1953), кийин Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен экспедициясы (1997) изилдеген. Көрүстөн казанактуу жана жөнөкөй мүрзөлөрдөн турат. Андан чопо идиштери, темир жана сөөк буюмдарынын сыныктары, канжар, бычак, жебенин учу ж. б. табылган. Казуу учурунда ошондой эле гунн дооруна таандык баш сөөгү деформацияланган адамдын көрүстөнү, байыркы түрк дооруна таандык аты менен көмүлгөн баланын көрүстөнү жана балбал таштары бар 4 чарчы коргончо изилденген.
К. Табалдиев.