АК-ТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАЛ ‒ Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Ак-Тал айыл округунун борбору. Райондун борбору Баетов кыштагынан 40 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Нарын дарыясынын түштүк жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1750 м бийиктикте жайгашкан. 1957-жылы отурукташкан. Калкы 1 432 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, ФАП, мончо, байланыш түйүнү ж. б. бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Койчиев туулган.