АК-СУУ - Аксы районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:56, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ‒ Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак, Ак-Суу айыл аймагынын борбору. Бозбу-Тоонун түштүк этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 75 км түштүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 35 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 1 369 (2022). Негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Т. Үмөталиев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Э. Андабеков туулган.