АК-СУУ-I КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ-I КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 4 км түндүк-чыгышта, деӊиз деӊгээлинен 1992‒2010 м бийиктикте. 1984-жылы геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагы плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кум-чопо жана карбонат-чопо толтургучу бар койташ‒шагыл-кум материалынан түзүлгөн. Кум-шагылдын калыӊдыгы 36 мден ашык (250 мге жакын). Гранулометриялык курамы: 500‒70 мм ‒ 29%, 70‒5 мм ‒ 42%, 5 ммден майдасы ‒ 29%. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон жана асфальт-бетон даярдоого жарактуу. Запасы В категориясы боюнча 142 миӊ м3, С1‒310 миӊ м3, В+С1‒ 452 миӊ м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы В ‒ 110 миӊ м3. С1‒ 310 миӊ м3, В+С1 ‒ 420 миӊ м3.