АК-САЙ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:45, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда, Кажы-Сай кыштагынан 5 км чыгыш тарапта, деӊиз деӊгээлинен 1630‒1900 м бийиктикте. 1972‒75-жылдары Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы тарабынан чалгындалган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Чопо жети катмардан туруп, көмүр кабатынын астыңкы жана үстүңкү бөлүгүндө жайгашкан. Чопо катмарларынын жалпы калыӊдыгы 4 мден 22 мге чейин өзгөрүп, 200‒300 мге созулуп жатат. Чопо кара-боз түстө, бат нымдалып, жакшы ийленет. Күйгүзгөндө ак түскө өтөт. Чопону карапа буюмдарын жасоого жана бургулоо суюктугун даярдоого колдонсо болот. Жергиликтүү эл боз үйдүн кийизин бордоодо, самын кайнатканда колдонот. Запасы В категориясы боюнча 245 миӊ м3, С1‒397 миӊ м3, В+ С1‒ 642 миӊ м3, С2 ‒129 м3.