АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ – Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы шаңшаар (каньон) сымал кууш капчыгай. Ак‑Буура (Турук) суусунун багыты боюнча түштүктөн түндүккө (Кызыл‑Чарба жана Алчалы кыштактарынын аралыгында) 40–45 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–2,5 км, кууш жери 500–700 м, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1900–2000 м. Капчыгай палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец жана гранит, гранит‑диорит интрузия тоо тектерин суу жеп кетүүдөн пайда болгон. Капчыгай аркылуу Чал-Куйрук өрөөнү тарапка автомобиль жолу өтөт. Таманында бадалдуу токой өсөт.