АЙЛАНМА ПРОЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:47, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНМА ПРОЦЕСС, т е р м о д и н а м и к а ­л ы к ц и к л – бир нече өзгөрүүлөрдөн кийин системанын термодинамикалык параметрлеринин баштап­кы маанисине кайрылып келиши. Эгерде, системанын термодинамикалык абалы эки параметр (мис., Р басым жана көлөм V) менен аныкталса, анда коор­динаталары р, V (термод. параметрлер) болгон тегиздикте Айланма процесс туюк сызык (цикл) менен сүрөт­төлөт. Система айланма процесске катышып, жалаң тең салмактуу абалды басып өтсө, тең салмактуу айланма процесс деп аталат. Айланма процесске термодинамиканын 1‑башта­лышы (закону) 5Q=AU+5A колдонулса, U1=U2 болгондуктан Ди=0 болот. Айланма процессте системанын аткарган жумушу, анын ар бир бөлүгүндө сырт­тан алган жана сыртка берген жылуулуктун алгачкы суммасына барабар. Ошентип система сырттан алынган жылуулукту механикалык жумушка айланды­рат. Ал түз айланма процесс деп аталат. Бардык жылуу­лук машиналары жылуулукту механикалык жумушка айландырат. Ал эми тескери айланма процессте механикалык жу­муш жылуулукту муздак нерседен ысык нерсе­ге өткөрөт. Бул процесс муздаткыч агрегаттар­да кеңири колдонулат.