АЙДАРБЕК ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 21 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРБЕК ЧОКУСУ – Алай кырка тоосун­дагы Текелик тоосунун эң бийик жери. Көк­-Суу жана Текелик (Кызыл‑Суунун оң куймала­ры) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 5125 м. Чоку девон менен карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектери­нен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тара­бы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.