АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ – Нигердеги табигый корук. Сахарада Аир бөксө тоосунун чыгыш капталында жайгашкан. Аянты 77,36 миң км2, бийиктиги 400–1998 м. Тенерени “чөлдөгү чөл” деп айтышат. Кышында такыр түздүктөрүндө кум учурган шамалы жайында ысык чаң менен коштолот. Өсүмдүк жокко эсе. Тоо массивдеринде 350гө жакын өсүмдүктөр кездешет. Ал өсүмдүктөр Сахара чөлүнө мүнөздүү. Алар – акация, баялыш, жапайы маслина, таруу, оазистеринде пальма, тамарикс, ар түрдүү маданий өсүмдүктөр. Корукту гепард, чаар гиена, павиандар, страустардын ири популяциясы жана туяктуулардын көптөгөн түрү (газель, антилопа ж. б.) мекендешет. Корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.