АЗОНАЛУУЛУК
Jump to navigation
Jump to search
АЗОНАЛУУЛУК (а... жанa грекче zone – алкак, зона) белгилүү бир аймакта зоналуулук закон ченеминен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуштун таралышы. Адатта азоналуулук рельефтин геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык режимине, морфоструктурасына ж. б. эндогендик факторлоруна байланыштуу. Азоналуулук климаттын, суу режиминин, кыртыштын жана органика дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Азоналуулук тоолордо даана байкалат.