АЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗИЯ – Жер шарындагы аянты (44,6 млн км2дей) жана калкынын саны (4,2 млрд чамасын­да, 2012) боюнча эң чоң дүйнө бөлүгү. Негизинен Чыгыш жарым шарда, Түндүк жарым шардын бар­дык географиялык алкактарында жайгашкан; Малайя архипелагынын бир аз бөлүгү Түштүк жарым шарга кирип кетет. Европа менен биригип, Евразия ма­теригин түзөт. Азия менен Европанын чек арасы шарттуу түрдө Уралдын чыгыш этеги (же кыры), Эмба (же Урал), Кума, Маныч дарыяларынын өрөөндөрү (айрым учурда Чоң Кавказдын кыры), Каспий, Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Түндүк чети – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – ­Баба, чыгышы – Дежнев тумшуктары. Африка менен Суэц мойногу аркылуу туташып, Түндүк Аме­рикадан Беринг кысыгы аркылуу бөлүнөт. Түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түш­түгүнөн Инди океандары жана алардын четки деңиздери менен чулганат. Аралдарынын жалпы аянты 2 млн км2ден ашык (анын ичинде Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Курил, Сахалин, Япон, Тайвань, Филиппин, Малайя архипелагы, Шри‑Ланка, Кипр аралы). Азиянын жээктеринде булуң‑буйтка салыштырма­луу аз; ири жарым аралдары: Ямал, Таймыр, Чукча, Камчатка, Корей, Индикытай, Индстан, Араб, Кичи Азия. Азиянын океандан эң алыс жери 2–2,5 миң км.

Азиянын жеринин бетинин бийиктиги да өтө контрасттуу. Мында дүйнөнүн эң бийик жери ­Жомолунгма чокусу (бийиктиги 8848 м, Гималай­да), эң чуңкур жери – Жансыз деңиз (көлдүн бети деңиз деңгээлинен 395 м төмөн), эң терең – Байкал көлү (тереңдиги 1620 м) жайгашкан. Суу кап­таган ачык жердеги эң чуңкур жер да Aзияда; ал Борбордук Азиядагы – Турпан ойдуңу, деңиз деңгээлинен ­154 м төмөн жатат. Дүйнөдөгү эң жаанчыл жер –

Жаңгак‑мөмө‑жемиш токою. Арстанбап өрөөнү.

Индиядагы Шиллонг тоосунда жайгашкан Че­рапунжи кыштагында; анда жылына орто эсеп менен 13 миң ммден ашык жаан‑чачын жаайт (1861‑ж. 22 900 мм жааган).

Аймагынын 75%ын кырка жана бөксө тоолор ээлейт. Тоолор 2 чоң аймакты (тилкени) пайда кылат. Алардын бирөө Алдынкы Азия тайпак­ тоолорунан Индикытайдын кырка тоолоруна жана Малайя архипелагына чейин бүт Азия аркылуу батыштан чыгышка, экинчиси Теңир‑Тоо­дон Түштүк Сибирдин тоолоруна жана андан ары Чукча жарым аралына чейин түштүк-батыштан түндүк-чы­гышка созулат. Эң бийик тоолор (бийиктиги 4 миң­ден 7 миң мге чейин жана андан жогору) Борбордук Азияда жана

анын чеги боюнча жайгашкан. Негизги тоо системалары: Гималай (бийиктиги 8848 мге чейин), Гиндукуш (7708 м, Тиричмир), Каракорум (8614 м, Чогори), Куньлунь (7723 м, Улуг­музтат), Теңир‑Тоо (7439 м, Жеңиш чокусу), Ысар‑Алай (5621 м, Матча), Чоң Кавказ (5642 м, Эльбурс), Алтай (4506 м, Белуха), Саян (3491 м, Мунку‑Сардык). Ири тайпак тоолору: Памир (7495 м, Коммунизм же Исмаил Самани), Тибет (6000–7000 м), Алдынкы Азия тайпак тоолору (5165 м, Арарат); бөксө тоолору: Орто Сибирь (1701 м, Путорана), Араб жарым аралындагы бөксө тоолор (3600 м), Декан (2000 мге чейин). Эң ири ойдуңдуу түздүктөр: Батыш Сибирь, Туран, Улуу Кытай, Инд‑Ганг, Месопотамия; бийик жайгашкан түздүктөрү (Борбордук Азияда) – Кашкар, Жунгар, Гоби. Камчаткада (4688 м, Ключи соп­касы), Чыгыш Азиянын аралдарында жана Малайя архипелагында (Кракатау жанар тоосу, бийиктиги 813 м) өчө элек жанар тоолор көп.
Азиянын азыркы рельефи негизинен төмөнкү процесстердин натыйжасында – байыркы тай­паңдалуу процесстеринен (калдыктары, айрык­ча тайпак тоолордун ички бөлүктөрүндө, ошондой эле Индистан, Араб, Сирия, Чыгыш Сибирдин жа­пыз платолорунда сакталган), жер кыртышы­нын неоген жана антропоген мезгилдериндеги ири вертикалдык жана горизонталдык кыймылдар­дан (Памир, Тибет, Гималай тоолору 4000 мден жогору көтөрүлүп, материктин чыгыш чет жа­касы тескерисинче чөккөн), көтөрүлгөн тоолордун чет жакаларынын эрозиялык кескин тил­меленүүсүнөн (Памир, Тибет тоолорундагы, Гималай, Куньлунь, Батыш Саян, Черский тоо­лорун, Становой, Алдынкы Азия тайпак тоо­лорун кесип өткөн терең капчыгайлар) ж. б‑дан калыптанган жеринин бетинин түзүлүшүнө, ошондой эле Орто жана Борбордук Азияда, айрыкча Хуанхэ дарыясынын алабында кеңири аянтты лёсс тектери каптап жатышы, бедленддин (чап), чөлдөрдө эол (шамал) рельефинин, акиташ жана гипстүү аймактарда карст процесстеринин, антропоген­деги муз каптоо (Азиянын түндүк-батышында 60° түндүк кеңдиктерден түндүктү карай муздук текши каптаган), азыркы мөңгүлөр (Кара‑Корум, Памир, Теңир‑Тоо, Гиндикуш, Гималай ж. б. тоолордогу ири мөңгүлөр), башка материктерге караганда көп жылдык тоңдун кеңири таралы­шы (47° түндүк кендикке чейин), жанар тоолор (жа­нар тоо конустары, Индистан жана Орто Сибирди каптаган траптар, Камчаткадагы, Филиппин, Чоң жана Кичи Зонд аралдарындагы аракеттеги жанар тоолор, Алдынкы Азия тайпак тоолорундагы, Си­рия‑Араб платосундагы, Кавказ, Монголия, Манжур‑Корей тоолорундагы мурдагы жанар тоолор) зор таасирин тийгизген.
Азиянын геоструктурасы өтө татаал. Анын аймагы аркылуу субкеңдик багытта Альп‑Гималай бүктөлүү алкагынын чыгыш бөлүгү созу­луп жатат. Ал чыгышта Монгол‑Охота жана Тынч океан бүктөлүү алкактарына кошулат. Бүктөлүү түзүлүштөрүн түштүктөн Араб жана Индистан жарым аралынын платформалык аймактары чектеп ту­рат. Азия кембрийге чейин пайда болгон бир нече ири платформалардан жана алардын аралык­тары боюнча созулуп жаткан ири бүктөлүү облус­тарынан турат. Азияда Сибирь (чеги Орто Сибирь бөксө тоосуна туура келет), Кытай‑Корей (Улуу Кытай түздүгүн, Корей жарым аралын камтыйт), Түштүк Кытай (Янцзы дарыясынын төмөнкү агымы­нын алабы), Инди (Индистан жарым аралынын басым­дуу бөлүгүн жана Шри‑Ланканы камтыйт), Араб (Араб жарым аралынын басымдуу бөлүгү) платформала­ры жайгашкан. Платформалар Азиянын аймагын тегерегине бириктирип турган байыркы ядро болуп саналат; алар протерозойдун аягынан бүктөлүүгө дуушарланбай, салыштырмалуу тынч абалда болот. Платформаларды жалпы бириктирип турган геосинклиналдык облустарды ­байкал, каледон, герцин, мезозой, кайназой бүктөлүүлөрү түзөт. Байкал бүктөлүүсүнө (протерозойдун аягы‑кембрийдин башталышында болгон) Енисей токол тоосу, Чыгыш Саян, Байкал бою, Забайкалье тоолору, Араб жарым аралынын айрым жерлери, каледон буктөлүүсүнө (кембрий, ордовик, силур) – Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы, Түштүк-Чыгыш Кытай, Түндүк Теңир‑Тоо, герцин бүктөлүүсүнө (девон, карбон, пермь) ­Теңир‑Тоонун негизги бөлүгү, Куньлунь, Нань­шань, Түштүк Алтай, Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү ж. б., мезозой бүктөлүүсүнө – Түндүк-Чы­гыш Сибирь, Сихотэ‑Алинь, Индикытайдын, Тибеттин айрым жерлери, альп бүктөлүүсүнө (кайназой) – Кавказ, Памир, Түркмөн‑Хоросан тоолору, Паропамиз, Гиндикуш, Алдынкы Азия тайпак тоолору, Загрос, Мекран, Сулейман, Гиндикуш, Гималай тоолору кирет. Азиянын чыгыш чет жакасын азыркы геосинклиналдык ал­как ээлейт; ал материкти Тынч океандын тама­нынан бөлүп турат. Алкакты аралдар догосу, океандын терең кобулдары жана четки деңиздер­дин геосинклиналдык чуңкурдуктары түзөт. Алкакка активдүү аракеттеги жанар тоолор, катуу жер титирөөлөр, тектоникалык контрасттуу кый­мылдар, жаш бүктөлүүлөр, гравитациялык тең салмактуулуктун бузулушу мүнөздүү.
Азия континентинин азыркы турпаты салыштырмалуу жакынкы эле мезгилдерде пайда болгон. Палеозойдун башталышында (кембрий, ордовик, ошондой эле силурда) Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай‑Корей, Түштүк Кытай платформалары кургактыктын бир бөлүктөрү же эпиконти­ненттик тайыз деңиздер менен капталган жазы шельфти түзгөн. Инди жана Араб платформалары ошол кездеги зор түштүк материк – Гондвананын курамына кирген. Герцин бүктөлүү­сүнөн кийин түндүктөгү платформалар кургактыктын монолиттүү массиви – Ангаридага би­риккен. Ал эми Гондвана тескерисинче, бө­лүктөргө ажырап, алардын ичинен платформа­луу Инди‑Араб массивдери кайназойдо Тетис геосинклиналы (байыркы деңиз бассейни) жок болгондон кийин Ангаридага биригип, Азия пайда болгон.
Азия кен байлыктарга бай. Таш көмүрдүн ири кендери Казакстанда (Караганды бассейни), Си­бирде (Кузнецк, Кан‑Ачы, Лена ж. б. бассейн­дер), ошондой эле Кытай, Индия, Кореяда топтолгон. Нефтинин дүйнөлүк запасынын теңинен көбү Aзияда. Нефть‑газдуу ири аймактарга – Перс бу­луңу нефть‑газ бассейни, Батыш Сибирь, Каспий бою ойдуңу, Закавказье, Орто Азиянын түз­дүктөрү, Малайя архипелагынын аралдары (Суматра, Калимантан), Түндүк жана Батыш Кытай­дын айрым жерлери кирет. Сибирь, Казакстан, Орто Азияда, ошондой эле Түркияда, Иран, Пакистанда кайнатма туздун ири кендери бар. Темир руда­сы Казакстандын бир катар жерлеринде (Коста­най облусунда, Борбордук Казакстан ж. б.), Ангара боюн­да, Сибирдин түштүгүндө (Кузнецк Ала‑Тоосу, Тоолуу Шория жана Хакасия), Кытай, Корея, Ин­диянын көп жерлеринде топтолгон. Индияда жана Закавказьеде марганецтин ири кендери бар. Калайдын эң бай кендери – Түштүк-Чыгыш Азияда (Бирма, Таиланд, Индонезия аралы). Борбордук Казакстанда жездин ири кени, Норильскиде никель, Якутияда алмаз кендери бар.
Азияга арктика климатынан (түндүгүндө) суб­экватордук жана экватордукка (түштүгүндө) че­йинки ар түрдүү климат мүнөздүү. Батыштан соккон атлантикалык нымдуу аба Азияга жеткенде өзгөрүп, континенттик абага айланат. Ал эми Тынч океандык аба батыш аба массасынын үстөмдүк кылышына жана ички аймактарын кырка тоолор тороп тургандыгына байланыштуу Азиянын чыгыш чет жакасындагы

Теңир‑Тоодогу гляциалдык зона.

кууш тил­кеге гана таасирин тийгизет. Түндүктөн арк­тикалык аба Азияга терең кирет; ал эми түштүктө үстөмдүк кылган тропиктик жана субэкватордук ­муссондук климаттын таасиринен Гималай тоо­лору тосуп турат. Кышында климатты батыш­тан соккон аба массасы аныктап, аитициклон­дук зор аймак, Азиянын түштүгүндө жана түштүк-чы­гышында пассаттык циркуляция пайда болот. Сибирь тоолорунун жана Монголиянын үстүндө (40°, 60° түндүк кеңдиктердин аралыгында) Азия (Сибирь) антициклону түзүлөт. Радиациялык муздоонун, батыш аба массасынын муздап, төмөн чөгүүсү, арктика антициклонунун кири­ши октябрдан апрелге чейин антициклондун туруктуу болушуна шарт түзөт. Анда ачык жана суук аба ырайы үстөмдүк кылат: абанын темп­ературасынын абсолюттук минимуму Оймякондо –71°Сге (Түндүк жарым шардын суук уюлу), Верхоянски­де –68°Сге, Якутияда –64°Сге жетет. Антициклондун чет жакалары аркылуу соккон туруктуу шамал андан муздак жана кургак абаны айдап чыгып, чыгышты, түштүк-чыгышты жана түштүк (кыш­кы континенттик муссон), ошондой эле батышты карай – Батыш Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга багыттайт (жогорку басымдуу аба Иранга чейин жетет). Уюлдук фронттун циклондору Жер Ортолук деңиздик климаттуу Алдынкы Азияга кышкы жана жазгы, Түштүк Сибирь тоолоруна жайкы жамгырды алып келет. Алдынкы, Ор­тонку жана Борбордук Азияда жайында аптап ысык жана кургакчыл континенттик тропиктик аба массасы үстөмдүк кылат. Түштүк Азия (Иран) менен Түштүк-Чыгыш Европадан соккон кургакчыл түндүк-батыш шамалдардын жана Индияга жаан‑чачын­ды мол алып келген жайкы муссондун пайда болушуна шарт түзөт. Уюлдук фронттун циклондору Чыгыш Азияда нымдуу жайкы муссон­ду пайда кылат. Күзүндө Чыгыш Азия фронт­тору аркылуу кыйраткыч күчтөгү тропиктик циклондор – тайфундар өтөт. Кышында Азия­нын тропиктик бөлүгүндө континенттик тропиктик, жайында – экватордук деңиздик аба, эк­ватордун үстүндө жыл бою жаан‑чачын мол жааган, абанын температурасы сезон боюнча анча өзгөрбөгөн деңиздик экватордук климат үстөмдүк кылат. Азиянын кургакчыл тропиктик аймактарында эң ысык болот; абанын эң жогорку температурасы (53°С) Пакистандын Жейко­бабад шаары тушта катталган [дүйнөдөгү эң ысык жердин (Ливиядагы Триполи шаары тушта) температу­расынан (58°С) 5°С гана төмөн]. Азиянын көп бөлүгүндө жаан‑чачын негизинен жылдын жы­луу мезгилинде, Жер Ортолук деңиздин чыгы­шында кышында жаайт. Чыгышы менен түштүгү­нүн климаты муссондук; мында кургакчыл жана нымдуу мезгилдер кескин алмашат. Индиянын түндүк-чыгышында – Черапунжиге жылына 13 миң ммдей жаан‑чачын жаайт (Жер шарындагы эң жаанчыл жер, 1861‑ж. 22 900 мм жааган). Батыш, Орто жана Борбордук Азиянын түздүктөрүндө негизинен чөл жана жарым чөл климаты, Тибет, Памир тоолоруна суук чөл климаты мүнөздүү. Түндүк Жер аралында, Памир, Теңир‑Тоо, Гималай, Кара‑Корум, Гиндукуш ж. б. тоолордо мөңгү жатат. Мөңгүнүн жалпы аянты 120 миң км2дей. Түндүк жана Чыгыш Сибирдин кыйла ай­магын (11 млн кж2дей) көп жылдык тоң ээлейт.
Негизги дарыялары: Обь (Иртыш менен), Енисей (Ангара менен), Лена (Түндүк Муз океандын алабына кирет; жылдын көп бөлүгүндө муз каптап жатат), Амур, Хуанхэ, Янцзы (узундугу 5800 км, Азиядагы суусу эң мол жана эң узун дарыялар), Синцзян, Меконг (Тынч океандын алабы), Салуин, Иравади, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат (Инди океанынын алабы), Аму‑Дарыя, Сыр‑Дарыя (Арал деңизинин алабы). Азиянын көп дарыяларынын транспорттук жана энергетикалык, Орто Азиядагы жана чет өлкөлөрдөгү көптөгөн да­рыялардын ирригациялык мааниси зор. Азиянын көп аймактарынан океанга (Каспий, Арал де­ңиздеринин алабы, Борбордук Азиянын көп бөлүгүндө, Иран тайпак тоосунун жана Араб жарым аралынын ички аймактарында) суу агып чыкпайт. Азиядагы эң ири көлдөр – Каспий жана Арал деңиздери; алардан башка чоң көлдөрү: Байкал, Балкаш, Ысык‑Көл, Ван, Урмия, Кукунор, Поянху, Тай­ху, Тонлесап.
Азиянын көп бөлүгү Голарктика флоралык жана зоогеографиялык дүйнөсүнө таандык. Араб жарым аралынын түштүгү, Индстан, Индикытай жана Малайя архипелаги Палеотропиктик өсүмдүк дүйнөсүнө кирет. Түштүк Азия Инди‑Малайя зоо­географиялык облусуна, Арабстандын түштүгү Эфиопия облусуна кирет. Азиянын фаунасынын көбү Европа, Түндүк Америка жана Африкадагы жаныбарлардын түрүнө окшош.
Түндүк Муз океанды жээктей мамык чөп, эңил­чек, бадалчалуу тундра ээлеп, анын астында глейлүү тундра топурагы өрчүгөн. Андан түштүктөгү ичке тилкеде токойлуу тундра зо­насы жайгашкан. Анда сейрек токой менен тундра өсүмдүктөрүнүн айкалышы мүнөздүү. Токойлуу тундранын түштүгүндө кенен тилкени ээле­ген тайгага (негизинен ийне жалбырактуу токой) тоң‑тайга, күл, чымдак‑күл топурактары мүнөздүү. Амур бою аймагынын, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана Япон аралынын аралаш жана жазы жалбырактуу токойлору түргө байлыгы, энде­миктердин жана реликттеринин көптүгү менен айыр­маланат. Андагы ийне жалбырактуу өсүмдүктөр (Корей кедри, сибирь жана аян карагайлары) менен кошо эмен, кайың, кара жыгач, манжур жаң­гагы, япон каштаны, лиана ж. б. өсөт. Алар­дын астында күлдөшкөн коңур жана токойдун коңур топурактары өрчүгөн. Токойлуу талаа зо­насынын Батыш Сибирь бөлүгүнө майда жалбырактуу токой жана шалбаалуу талаа, Түштүк Сибирдин тоолоруна жана

АЗИЯ34.png
Монгол талаасы.

ойдундарына, Монголи­янын түндүгүнө, Кытайдын түндүк-чыгыш түздүк­төрүнө ийне‑майда жалбырактуу токойлор мүнөздүү. Алардын астында кара, токойдун боз, оёң жерлеринде шортоң (солонец, солончак) то­пурактар өрчүгөн. Талаа зонасынын туташ тил­кеси Түштүк Сибирь жана Монголия тоолорунда үзүлөт. Батыш Сибирдин түштүгүндө жана Казакстанда дүйүм чөп‑кылкандуу талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылып, түштүктө кургак талаага өтөт. Талаа зонасында негизинен кара жана каралжын каштан топурактары басымдуу. Алтай тооло­рунан Чоң Хинганга чейин дүңгөлүү‑кылкандуу талаа өсүмдүктөрү Монголиянын түштүгүндө кургак талаа жана жарым чөл менен алмашат. Сибирь жана Казакстандагы токойлуу талаа жана талаа зоналары негизинен айдалган. Каспий де­ңизинин жээгинен Казакстандын борбордук бөлүгү, Орто Азия, Жунгария аркылуу Кытайдын батыш бөлүгүнө чейин мелүүн алкактын сейрек өсүм­дүктүү жарым чөл жана чөл зоналары созулуп жатат. Анда бадалчалуу (шыбактын түрлөрү) жана бадалдуу (сөксөөл, караган), тоо аралык ой­дундарында баялыштуу чөлдөр таралган. Борбордук Азиянын кыйла бөлүгүндө дээрлик өсүмдүк өспөйт. Казакстандын жарым чөлүнө ачык каштан, Орто Азиянын чөлдөрүнө бозомук‑коңур, ал лювий түздүктөрүнө аллювий‑шалбаа жана такыр, кумдуу чөлдөргө чириндиси аз карбонаттуу то­пурактар, лёсстуу платолорго боз топурактар мүнөздүү. Гоби, Жунгарияда, Теңир‑Тоо, Алтай­дын этектериндеги түздүктөрдө бозомук‑коңур чөл топурактары басымдуу. Такла‑Маканда са­пырылма кумдуу аймактар кеңири тараган. Тибет тайпак тоосунда топурак кыртышы анча өрчүгөн эмес.
Субтропиктик алкактын Жер Ортолук деңиз­дик секторунда дайыма жашыл катуу жалбырактуу токой, сейрек токой жана бадалдар Кара жана Жер Ортолук деңиздердин жээктерин, Тавр, Понт, Антиливан тоолорунун айдарым каптал­дарын (этектерин ксерофиттик бадалчалар жана чөп өсүмдүктөр – маквис, фригана, гарига, 700–800 мден жогору ийне жалбырактуу токой, арча) ээлейт. Мында сиалиттик карбонаттуу үбөлөндү кыртышта күрөң жана бозомук күрөң, ошондой эле Кызыл топурактар өрчүгөн. Талыш, Эльбурс тоолорунун Каспий деңизин караган капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу токой ээлейт (анын ичинде реликтик каштан, жалбырактуу эмен, катраң­кы, самшит дарактары да бар). Субтропик ал­кагынын континенттик секторлору чириндиге жарды боз, бозомук‑күрөң жана бозомук‑коңур чөл, таштак жана кумдак жөнөкөй топурактуу келип, Кичи Азия тайпак тоолорунда бадал өсүмдүктүү талаа (анын ичинде шыбак, эфемер өсүмдүк төрү), Армян тайпак тоосунда ак кылкан бете­гелүү талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Кургакчыл таштак капталдарына тоо ксе­рофиттери (тикендүү жаздык сымал бадалдар) өсөт. Иран тайпак тоосунда ташта өсүүчү бадалчалар кездешет. Этек тоолордо жана тоо каптал­дарынын этек бөлүктөрүндө жапалак эмен, мис­те, ошондой эле арчадан турган сейрек токой кездешет. Паропамиздин жана Гиндикуштун төмөнкү алкактарында талаа өсүмдүктөрү субтропиктик жаңгак‑мөмө‑жемиш токойлору (бадам, анжир, мисте) менен аралаш өсөт. 2200 м бийиктиктен жогору тоонун ийне жалбырактуу токой (көк карагайы, гималай карагай ж. б.) алкагы баш­талат. Тибет тайпак тоосунда өскүлөң кылкан өсүмдүк‑бадалчалуу чөл жана суук талаа басымдуу (альп шалбаасы да кездешет). Эң мүнөздүү өсүмдүктөрү: ыраңдын түрлөрү, доңуз сырт, ак кылкан, карагай, терскен, аяния, шыбак. Кытайдын чыгышындагы Циньлин менен Наньлин тоолорунун аралыгын жазы ийне жалбырактуу субтропиктик токой ээлейт. Ийне жалбырак­туулардан юньнань кызыл карагайы, куннин­гамия (реликттер – метасеквоя, жалган кара карагай, кетелеерия ж. б.), жазы жалбырактуу­лардан эмендин түрлөрү, камфар лавры, каталь­па, кастанопсис ж. б. өсөт; лианалар көп.
Тропик алкагынын континенттик климат­туу аймактарында карбонаттуу жана туздашкан чөл топурактары басымдуу. Араб жарым аралынын кумдуу чөлдөрүндө псаммофилдик кылкандуу (арис­тида, жапайы таруу) өсүмдүктөр, бархандардын капталдарында – тамарикс, жантак, такыр жер­лерде – каперстер басымдуу. Араб деңизинин жээк­теринде, Инд дарыясынын дельтасын­да шор (солончак) жана шалбаалуу шортоң, өрөөндөрүндө чириндиге

Аравиянын таштуу чөлүндө.
АЗИЯ37.png

жарды боз топурактар кезде­шет. Дайыма нымдуу тропиктерде (Малайя архи­пелагында, Малакка жарым аралында, Индстан жарым аралынын батыш жээгинде, Шри‑Ланканын түштүк-баты­шында, Индикытайдын тоолорунда, Вьетнам­дын түндүгүндө, Юньнань‑Гуйчжоу тайпак тоо­сунда, Хайнань, Ява, Тимор аралында) кызыл‑сары, кызыл ферралит, феррсиалит жана феррит топурактары басымдуу.
Субэкватор алкагында кызыл‑коңур ферралит (Индстан, Индикытай жарым аралында), кызыл ферралит (Чхота‑Нагпур платосунда, Кытайдын түштүк бөлүгүндө), үбөлөндү базальт, андезит ж. б. эффузия тектеринин үстүндө камдашкан кара монтмориллонит топурактары (Декан бөксө тоо­сунда, Иравади жана Чиндуина дарыяларынын аралыгын­да) пайда болгон (Индияда ал пахта топурагы же регура деп аталат). Меконг, Менам‑Чао‑Прая­нын алаптарынын нымдуу сезондо суу астында калган жерлеринде глейлешкен аллювий‑шал­баа жана саздак топурактар үстөмдүк кылат. Тро­пиктин аллювий топурактары шалы өстүрүүгө байланыштуу өтө өзгөрүп кеткен. Субэкватор алкагында жалбырагын күбүүчү (муссондук) токой үстөмдүк кылат. Ал кургакчыл сезондун узактыгына жана нымдуулукка байланыштуу нымдуу жана кургакчыл жалбырагын күбүүчү токой деп экиге бөлүнөт. Нымдуу жалбырагын күбүүчү токой (кургакчыл сезон 3–5 айга созу­лат) Индикытай жарым аралында, Батыш Гат тоолору­нун айдарым капталдарында, Чхота‑Нагпур платосунда, Чыгыш Гималайдын түштүк капталдарында өсөт. Анда сал дарагы, диптерокарп ту­кумунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Кургакчыл жалбырагын күбүүчү токойдун (кургакчыл сезон 6 ай) 90%ке жакынын тик, терминалий, кызгылт дарак жана сандал түзөт. Декан бөксө­ тоосунда, Индиянын түндүк-батышында, Индикытайдын тоо аралык өрөөндөрүндө тикендүү да­рактардан жана бадалдардан (зарад, пальмира, тик, чөп өсүмдүктөрдөн – кылкандуулар) турган сейрек токой таралган. Чатырча сымал дарак өсүмдүктөрү саванна ландшафтын элестетет. Индиянын кургакчыл аймактарында (Ражаст­хан штаты) жана Мьянманын кургакчыл зона­сында жапыз (1,5–2 мге чейин) зараңдуу, сүттүү чөп, зизифустуу чөлдөшкөн саванна кездешет.
Нымдуу тропиктик дайыма жашыл токою экватор алкагын (Малакка жарым аралын, Малайя архипелагынын аралдарын, Шри‑Ланка аралынын түштүк-батышын), Индстандын түштүк-баты­шындагы жана Индикытайдагы тоолорду, Кытайдын түштүгүн (Хайнань аралын, Юньнань‑Гуйчжоу тайпак тоосунун түштүк-батышын) ээлейт. Анда диптерокарп (Индонезияда эле 160тан ашык түрү бар) жана чанактуулар (птерокарпустар, дальбер­гдер) тукумдарынын өкүлдөрү үстөмдүк кылган полидоминант токою, пальманын 100дөн ашык түрү, нан дарагы, фикустун түрлөрү өсөт. Ошондой эле лианалар, эпифиттер (анын ичинде папоротниктер, ар­хидеялар) арбын. Деңиз ташкындаганда суу каптап калуучу жээктерге мангрлар, саздар мүнөз­дүү.
Жаныбарлары да ландшафттын башка ком­поненттери сыяктуу эле кеңдик зоналары жана бийиктик алкактары боюнча таралган. Тундрада сойлоктор, жерде‑сууда жашоочулар дээрлик жокко эсе, куштардан ак чил, уюл үкүсү туруктуу жашайт, калгандары (өрдөк, ак куу, каз, ак чардак ж. б.) келгиндер. Түндүк деңиздердин жээктерине ак аюу, тюлень, морж, тундрага түндүк бугусу, түлкү, ак коён мүнөздүү; ошондой эле кан соруу­чулар – чиркей, кара чиркей, көгөндөр көп. Тай­гада сүт эмүүчүлөрдүн 90го жакын түрү бар, алар багыш, бугу, элик, күрөң аюу, сүлөөсүн, ты­йын чычкан, булгун, киш, коён ж. б. Куштардан кайчы тумшуктар, тоңкулдактар, кара кур­лар, керең кур, рябчиктер, үкүлөр, сойлоктор­дон суу жыландар, чаар жылан, кескелдирик, жерде‑сууда жашоочулардын бир нече түрү ме­кендейт. Ыраакы Чыгыштын аралаш жана жазы жалбырактуу токойлорунда Сибирь фаунасынын өкүлдөрүнөн сырткары сыпайы жана чаар бугу, амур жолборсу, гималай аюусу, енот ити, сары төш суусар (харза), сойлочулардан Ыраакы Чыгыш калкан тумшуктары, соймоңдор жашайт. Куш­тар (анын ичинде мандарин өрдөгү) көп.
Талаа зонасында кемирүүчүлөр көп: тыйын ­чычкан, момолой чычкан, коён, талаа (байбак) жана монгол (тарбаган) суурлары, кадимки коён, кош аяктар. Ири туяктуулардан Казакстандын талааларында сайгак, монгол талааларында дзерен, эки өркөчтүү төө кездешет. Жырткыч­тардан ач күсөн, корсак бар. Тоолорду аркар, илбирс (азыр коргоого алынган), Тибет тайпак тоосун топоз, антилопа мекендейт.
Чөл зонасында кемирүүчүлөр (кош аяктар, тыйын чычкандар ж. б.) жана сойлоочулар (жы­ландардан – калкан тумшуктар, гюрза, кобра, муунткуч жылан ж. б.) өтө көп. Чаяндар, бөйү­лөр, кара курттар ж. б. жөргөмүш сымалдуулар кездешет. Субтропик климаттуу алкактын Жер Ортолук деңиздик секторуна туяктуулар (каман, чоң сакал теке, муфлон), жырткычтардан – суу­сар сымалдар тукумунун өкүлдөрү (анын ичинде мадыл), карышкыр, чөө, куштардан мукур сымалдардын жана думбулдардын өкүлдөрү мүнөздүү. Кытайдын чыгышындагы тоолордун субтропиктик токой­лорунда дүйнөдө чанда кездешкен бамбук аюусу (чоң панда), жалтырак маймылдар жашайт.
Тропиктик, субэкватордук жана экватордук алкактардын сезондук‑нымдуу токойлорунда инди‑малайя фаунасы үстөмдүк кылат. Ири туяктуулардан индия пили, кериктин 3 түрү мүнөздүү. Бодолордон бантенг жана гаур, ачык жерлерде антилопалар, токойлордо бугулар (ак­сис, замбар, мунтжак), жырткычтардан жол­борс, кабылан, чөө кездешет. Азия арстаны дээр­лик жок кылынган (анын 200гө жакын Индия­дагы Гир токой коругунда жашайт). Токойлорун маймылдар (лангурлар, гиббондор, орангутан­дар) мекендейт. Кемирүүчүлөрдөн чүткөр, индия бандикоталары, вивер сымалдуулар (циветтер, мангусттар ж. б.) жашайт. Муссон токойлорун да жапайы тooк, кадимки павлин, асыл тоту­лар, жамгырлуу токойлордо шимикчи чымчык­тар кездешет; даракчыл жыландар көп. Уулуу жыландардан эң кооптуулары индия жана пады­ша жыландары. Азиянын жаныбарларынын көп түрү жок кылынган, омурткалуулардын 1450гө жакын түрү жоголуу чегинде турат; көп түрү та­биятты жана табигый ресурстарды коргоо боюнча эл аралык союздун Кызыл китебине киргизилген.
Азиянын аймагы төмөнкү физикалык-географиялык өлкөлөргө бөлүнөт: Түндүк Азия (бүт Сибирди, россиялык Ыраакы Чыгышты камтыйт), Чыгыш Азия (Кытайдын 110° чыгыш узундугунан чыгышты карай жат­кан аймагы, Корей жарым аралы, Япон аралдары), Түштүк ­Чыгыш Азия (Индикытай жарым аралы, Малайя архипелагы), Түштүк Азия (Индстан жарым аралы, Шри-Ланка аралы, Инд‑Ганг түздүгү, Гималаи), Батыш Азия (Кавказ, Алдынкы Азия тайпак тоолору), Түштүк-Батыш Азия (Араб жарым аралы, Месопотамия, Левант), Борбордук Азия (Монголия, Батыш Кытай, Тибет, Орто Азия (Туран ойдуңу, Памир, Те­ңир‑Тоо).
Азиянын табияты чарбачылыктан кыйла өзгөрүп кеткен. 2003‑ж. коргоого алынган аймактын аянты Азиянын жеринин 8%ын түзгөн. Коргоого алынган аймактын көбү Индонезияда (1080), Кытайда (809), Индияда (497), Малайзияда (190), Таиландда (158) жайгашкан. Азиядагы 20 өлкөдө биосфералык корук бар (анын бирөө Кыргызстандагы – Сары‑Челек биосфералык кору­гу). Рамсар конвенциясынын (1971‑ж. негиз­делген, Иран) маалыматы боюнча жалпы аянты 7,3 млн га болгон эл аралык маанидеги суу‑саз­дуу жерлер коргоого алынган. Коргоого алынган аймактын көбү Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, анын ичинде Сандарбан (Индия жана Бангладештин аймактарындагы мангр токой массиви), Казиранга, Нанда‑Деви жана Кеоладео ­Гхана (Индия), Ужунг‑Кулон жана Комодо (Индонезия), Сагарматха жана Читван (Непал) улуттук парктары, араб антилопа резерваты (Оман), Туббатаха рифтиндеги деңиз паркы (Филип­пинде), Япониянын парктары, ошондой эле Камчатка жанар тоолору, Алтайдын Алтын тоолору (Алтай жана Катунь коруктары, Белуха табият паркы), Байкал көлү ж. б.
Жогорку палеолит жана мезолит доорунда эле Азиянын басымдуу бөлүгүндө адамдар отурукта­ша баштап, кийин Америка, Австралия, Океа­нияга чейин тараган. Азияда үч чоң раса калып­танган: европеоиддер (түштүк-батыш жана батыш аймактарда), монголоиддер (Борбордук жана Чыгыш Азияда), аветралоиддер (түштук-чыгышта). Неолит жана коло доорунда адамдар Азиянын бардык ай­мактарына таран, ири дарыялардын (Тигр, Ев фрат, Инд, Хуанхэ, Аму‑Дарыя) өрөөндөрүндө дыйканчылык өнүгүп, ошондой эле сугат иштерин өр­күндөтүүнүн (каналдарды куруунун) натыйжа­сында байыркы ири цивилизациялар пайда болгон. Азыркы азиялыктар бир нече расага бөлүнөт, бирок анын басымдуу көпчүлүгү монголоид расасынын үч тобуна кирет: түндүк (Сибирь жана Түндүк-Чыгыш Кытайдын бир бөлүгү), чыгыш (монголдор жана түндүк кытайлар) жана түштүк (монголоид жана австралоиддердин аралашма жана өтмө тиби түштүк кытайлар, индо­незиялыктар, филиппиндер, Индикытай элде­ри, ошондой эле япондор). Европеоид расасы­на (анын түштүк бутагына таандык) алдынкы Азиянын, Түндүк Индия, Орто Азиянын (тажиктер) эл­дери, австралия расасына Азиянын ар кайсы аймактарында жашаган аз сандагы топ­тор: Цейлон веддери жана бхилдерде, мунда жана дравид элдеринин айрым топторунда, ошондой эле түштүк-чыгыш Азиянын кээ бир майда элдеринде (сеной, тоала ж. б.) кездешкен веддо тиби; Чыгыш Индонезия элдериндеги меланезия жана папуас тиби; Филиппин аэталары, Малайя семангдары, Индия андамандарындагы негритостук; Япон айны­ларындагы айны тиби кирет. Ошондой эле Түштүк Индиянын дравид элдериндеги түштүк индиялык тип; европеоиддер менен монголоидердин ортосу­нан чыккан аралаш типке кирген Батыш Сибирь, Орто Азия, Түндүк Индия, Түштүк Урал, Алтай, Казакстан элдери бар. Кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби

Мамлекеттер Аянты(миң км2) Калкынын саны (млн; 2012) Борборлору
Азербайжан, Азербайжан Республикасы Баку
Армения, Армян Республикасы Ереван
Афганстан, Ооганстан Ислам мамлекети Кабул
Бангладеш, Бангладеш Эл Республикасы Дакка
Бахрейн Манама
Бириккен Араб Эмирликтери АбуДаби
Бруней, Бруней Даруссалам БандарСегаБегаван
Бутан, Бутан Королдугу Тхимпху
style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt
solid #000000;border-left:0.5pt solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | Вьетнам Социалистик Республикасы
Ханой
Грузия, Грузин Республикасы Тбилиси
Израиль Иерусалим
Индия, Индия Республикасы 3,3 млн 1,3 млрд Дели
Индонезия, Индонезия Республикасы 1,9 млн Жакарта
Иордания, Иордан Хошимит Республикасы Амман
Ирак, Ирак Республикасы Багдад
Иран, Иран Ислам Республикасы 1,65 млн Тегеран
Йемен, Йемен Республикасы Сана
Казакстан, Казакстан Республикасы 2,7 млн Астана
(басымдуу бөлүгү) style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt solid
#000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | 
Камбоджа, Камбоджа Королдугу Пномпень
Катар Доха
Кипр, Кипр Республикасы Никосия
Корей Республикасы Сеул
Корей Элдик Демократия лык Республикасы Пхеньян
Кытай, Кытай Эл Республикасы 9,6 млн 1,4 млрд Пекин
Кувейт ЭльКувейт
Кыргызстан, Кыргыз Республикасы 6 (2015) Бишкек
Лаос, Лаос Элдик Демократиялык Республи Вьентьян
касы style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;"
Ливан, Ливан Республикасы Бейрут
Малайзия КуалаЛумпур
Мальдив, Мальдив Республикасы Мале
Монголия, Монгол Уле УланБатор
Мьянма (Бирма), Мьянма союзу Янгон
Непал, Непал Королдугу Катманду
Оман, Оман Султандыгы Маскат
Өзбекстан, Өзбек Республикасы Ташкен
Пакистан, Пакистан Ислам Республикасы Исламабад
Палестина
align=center style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt
solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | Россия, Россия Федерациясы (басымдуу бөлүгү)
17075,4 143,8 (2002) Москва
Сауд Арабстаны 2,15 млн ЭрРияд
Сингапур, Сингапур Республикасы Сингапур
Сирия, Сирия Араб Республикасы Дамаск
Тажикстан, Тажикстан Республикасы Душанбе
Таиланд, Таиланд Королдугу Бангкок
Тайвань 21,0 (1996) Тайбэй
Түркмөнетан, Түркмөн Республикасы Ашгабат
Түркия, Түрк Республикасы (басымдуу бөлүгү) Анкара
Филиппин, Филиппин Республикасы Манила
ШриЛанка, ШриЛанка
Демократиялык
Социалисттик Республикасы ЖаяварденапураКотте
Япония Токио

европеоид жана монголоид тектеги расалардын аралашуусунан пайда болуп, түштүк Сибирь – тураноид расасына кирет.
Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Магидович И. П. Очерки по истории географических открытий. М., 1967; Зарубежная Азия. Физическая география. М., 1956; Витвицкий Н. Г. Климат Зарубежной Азии. М., 1960; Пфеффер П. Азия. М., 1982; Власов Т. В. Физическая география материков (с прилегающими частями океанов). 4 изд. М., 1986; Гвоздецкий Н. А,, Михайлов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. 4 изд. М., 1987; Исаченко А. Г., Шляпников А. А. Ландшафты. М., 1989; Романова Э. П., Куракова Л. И., Ермаков Ю. Г. Природные ресурсы мира. М., 1993; Николаев В. А. Ландшафты азиатских степей. М., 1999; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты Зарубежной Азии. М., 2000; Хайн В. Э. Тектоника континентов и океанов (год 2000). М., 2001; Бараталиев Ө. Материктердин жана океандардын физикалык геог­рафиясы. Б., 2005.
Ө. Бараталиев.