АЖЫБЕКОВА Гүлсара

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:44, 18 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫБЕКОВА Гүлсара (27. 3. 1950‑жыл, На­рын облусу, Нарын шаары) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти. 1972‑жылы Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, 2002–2004‑жылдары Кыргызстан кине­матографисттер союзунун төрайымы болуп эмгектенген. Г. Ажыбекова театрда жана кинодо бүткүл инсандык, актёрдук чеберчилиги менен каармандардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере алган. Театрда аткар­ган негизги ролдору: Елизавета (У.Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүү­лөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугали­ми»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») жана башкалар. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (режиссёру Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (режиссёру К. Ак­маталиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чың­гызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (режиссёру Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (режиссёру К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (режиссёру Б. Карагулов, «Найман эне­нин кошогу»). Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Ноо­руз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (режиссёру Р. Ибрагимбеков) тергөө­чү аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑жылы «Бир актёрдун театры» менен Россия жана Украи­нанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепид­дин «Медея» спектаклин коюшкан. 2006-жылдан «Гульса­ра» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектеп келет. Бир нече медалдар менен сыйланган.
Т. Сатаров.

АЖЫБЕКОВА8.png
«Найман эненин кошогу» кинофильминдеги Найман эненин ролунда – Гүлсара Ажыбекова.