АДРИЯ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:51, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРИЯ деңизи – Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин жана Балкан жарым аралынын аралы­гында. Италия, Словения, Хорватия, Босния жана Герцеговина, Черногория, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысы­гы аркылуу Иония деңизи менен туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгашкан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чыгыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун температурасы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуу­лугу 35тен 38%га чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 1,2 м). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть жана газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Черногория), Дуррес, Влера (Албания).