АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:55, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП (этика) – мамлекеттик органдардын, ишканалардын жетекчилеринин жана мамлекеттик кызматчылардын кесиптик жумушун­да жетекчиликке ала турган адеп‑ахлак баалуулуктарынын, принциптердин жана түшүнүк­төрдүн жыйындысы. Мамлекеттик кызматчыда ке­сипкөйлүктөн тышкары, чынчылдык, мыйзам алдындагы жоопкерчилик, ишин илгерилетүүгө умтулуу, жарандарга сый мамиле кылуу, тар­типтүүлүк сыяктуу адеп‑ахлактык сапаттардын болушу талап кылынат. Өлкөдө 2001‑жылы 9‑ян­варда КРдин Президентинин Указы менен «Мам­лекеттик кызматчылардын этикасынын негиз­дери жөнүндөгү жобо» бекитилген. Жободо тө­мөнкүдөй негизги принциптер каралган: жогорку кесиптик деңгээлде милдеттерин аткаруу, жүрүм‑турум эрежелерин сактоо, сылык, чыдам­дуу, принципиалдуу болуп, маселенин маани-­маңызын жете түшүнүүгө умтулуу, каршысын уга билүү жана чечимдерди таразалап, негиздеп кабыл алуу, башка кызматчылар тарабынан адеп бузууларды көңүл кош калтырбоо, өзүнө баш ийген кызматчыны туура эмес ишке жана мыйзам бузууга түртпөө, мамлекеттик жашырын сыр болгон кызматтык маалыматтарды жайылтпоо, башка адамдар менен жетекчисинин жана өзүнүн иш‑аракеттерин талкуулабоо, кызмат абалын өзүнүн же жакындарынын кызыкчылыгына пайдаланбоо ж. б. Мындан тышкары «Судья­лар этикасынын кодекси» кабыл алынган. Анда судьялардын жүрүм‑турум эрежелери баяндал­ган. Бекитилген этика ченемдеринин мамлекеттик кызматчылар тарабынан бузулушу аларды кыз­маттан бошотууга негиз болот.
К. Эсенканов.