АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:50, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. Адабий сыйлыктар мамлекеттик, коомдук-илимий, чыгармачыл уюмдар, басылмалар жана гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-жылы илим, техника, адабият жана искусствонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атындагы сыйлыгы белгиленген. 1939-жылы СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому менен СССР мамлекеттик сыйлыгы негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйлык деп аталып, 1941-жылдан 1952-жылга чейин түрдүү тармактагы (көркөм адабият жана анын тарыхы боюнча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ал 1967-жылга чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамлекеттик сыйлыгы жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктардын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган Нобель атындагы сыйлык жана башка. Кыргызстанда адабият жана искусство боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1965), республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы (1967), К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1991) негизделген. 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулган.