АГЛАБИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЛАБИДДЕР ‒ Түндүк Африкадагы араб эмирлеринин династиясы (800‒909); Аббасиддердин вассалы. Негиздөөчүсү ‒ Харун ар-Рашиддин Ифрикиядагы (азыркы Тунистеги) наместниги Ибрахим ибн аль-Аглаб (800‒812) болгон. Аглабиддер Ифрикиянын түштүк уруулар негиздеген Тахерт имаматына каршы согуш жүргүзүшкөн. Аглабиддердин административдик жана маданий борбору ‒ Кайруан шаары болгон, ал эми ага жакын жайгашкан Каср-аль-Кадим чеби эмирлердин резиденциясына айланган. Аглабиддер мамлекети 909-жылы шииттердин соккусунан кыйраган.