АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР ‒ жалганмалуу же мүчөлөнмө тилдер. Алар негизден же уӊгу сөздөн кийин түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу сөз жасоо жана сөз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Агглютинативдик тилдерде уӊгу сөзгө ар түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу ар түрдүү грамматикалык формалар пайда болот. Азиядагы, Африкадагы, Океаниядагы көпчүлүк тилдер (мисалы, түрк, монгол, венгр, полинезий, банту ж. б.) агглютинативдик тилдерге жатат.