АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР, а в т о т р о ф т о р ‒ тиричилик үчүн зарыл органикалык заттарды органикалык эмес заттардан синтездөөчү организмдер. Автотрофтуу организмдердин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр. Фотосинтездөөчүлөр же фототрофтуу организмдер күн энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды синтездөө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу менен ишке ашат. Аларга бардык жашыл өсүмдүктөр, балырлар жана түстүү бактериялар кирет. Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер органикалык заттарды синтездөөдө химиялык реакциялардан бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (к. Хемосинтез ). Автотрофтуу организмдердин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу, темир, күкүрт бактериялары, нитрлөөчү жана азот топтогуч бактериялар кирет. Автотрофтуу организмдердин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоӊ, к. Фотосинтез, Гетеротрофтуу организмдер.