АВТОРДУК КЕП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:04, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК КЕП ‒ чыгармадагы каармандардын сөзүнөн башка окуянын ордун, мезгилин жана шартын сүрөттөгөн автордун баяндоосу. Автордук кеп каармандын мүнөзүн тереӊ ачуу максатында келтирилет да, негизинен окуянын өнүгүшүн түшүндүрөт. Көбүнчө сюжеттүү чыгармаларда, айрыкча кара сөздө колдонулат.