АВТОМАТТЫК ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:59, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК ОК АТУУЧУ КУРАЛДАР ‒ атууда окту кыймылга келтирүүгө, кайталап октоого жана кезектеги окту атууга даярдоо үчүн күйгөн дарынын энергиясын колдонуучу куралдар (пулемет, пистолет-пулеметтор, автоматтык мылтыктар, замбиректер ж. б.). 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. 1863-жылы Р. Пилон (Америка) биринчи жолу автоматтык куралды жасап чыккан. Россияда биринчи автоматтык ок атуучу курал Д. А. Рудницкий тарабынан жасалган. 1900-жылдардын башында көпчүлүк мамлекеттерде Мадсендин мылтык-пулемету, кийинчерээк америкалык конструктор Х. Максимдин пулемету кеӊири пайдаланылган.

М. Г. Калашниковдун АК-74М автоматы.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда (1941‒45) В. А. Дегтярев, Ф. В. Токарев, Г. С. Шпагин, С. Г. Симонов ж. б. тарабынан автоматтынтын жаӊы үлгүлөрү жасалган. Азыркы учурда М. Г. Калашников , Е. Ф. Драгунов, Н. Ф. Макаров тарабынан конструкцияланган автоматтык Ок Атуучу Куралдар КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине пайдаланууга киргизилген.