АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:43, 14 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ к о м п ь ю т е р д е ‒ башкаруучунун кесиптик милдетин аткарууда керек маалыматтык ресурстардын, программалык-техникалык жана уюштуруу-технологияларынын, жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын тутуму. Ал компьютер негизинде түзүлүп, тиешелүү жабдууларды, программалык жабдыктарды камтыйт. Автоматташтырылган жумуш орунунун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана аны жиберет, кеӊешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштуруп, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтердин ж. б. Автоматташтырылган жумуш орундары кеӊири белгилүү.