АХМАДАЛИЕВ Тулкунжан Курбанович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (Адали) Тулкунжан Курбанович (17. 4. 1941-ж. т., Өзбекстан, Фергана обл., Маргелан ш.) ‒ артист, КРдин эл арт. (2000). А. Н. Островский атн. Ташкент театр, иск-восу ин-тун
АХМАДАЛИЕВ68.png

бүтүргөн (1968). Астрахань, Кострома, Ижевск ш-нын театрларында 1981-жылдан Н. К. Крупская атн. орус драма театрында иштеген. А-дин Бишкектеги Орус драма театрынын сахнасында ойногон белгилүү ролдору: Поручик Дуб (Я. Гашек, «Кайраттуу солдат Швейк»), Красавин (С. Найден, «Ва нюшиндин балдары»), Акмат (М. Тойбаев, «Биринчи салгылаш»), Эрназар (Ч. Айтматов, «Кыямат»), Дулебов (А. Островский, «Талант тар жана таазим этүүчүлөр»), Беранже (Э. Ионеско, «Кериктер»), Виктор Беласко (Н. Саймон, «Паркта жылаӊаяк») ж. б. Япон классиги Кобо Абэнин «Достор» пьесасынан атанын ролун ойноп, россиялык сынчылардын жогорку баасына татыктуу болду. А. режиссёр катары В. Скоропись м-н бирге «Французча ажырашуу», «Кадриль», «Чынгызхандын купуя сыры» спектаклдерин койгон.
К. Зарлыкова.