АВГИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 9 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВГИТ (латынча auqites) – пироксендер тобундагы жалтырак минерал. Күндүн нуру тийгенде өтө жалтырайт. Структурасы (Ca, Na, Mg, Fe, Al, T…) (Si, C чынжырлуу сликат (Al)2O6. Моноклин сингониясында кристаллданат. Кыска призмалуу кристаллды түзүп, бүртүкчөлүү болот. Өңү жашыл, күңүрт жашгылттан каралжын бозомук келип, айнектей жылтырайт. Моос шкаласы боюнча 5,5–6, тыгыздыгы 3190–3560 кг/м3. Негизинен кристаллдашкан магма эришинде пайда болот. Негизги курамы магмалык породаларда кездешет.