АВАР КАГАНДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВАР КАГАНДЫГЫ – Борбордук Азияда (4-кылымдын аягы) жана Борбордук Европада (6-кылым ) өкүм сүргөн көчмөн уруулардын мамлекети. Аварлар тууралуу алгач византиялык тарыхчы Прискнин эмгегинде эскерилет. Ал боюнча савир урууларын талкалаган аварлар 461–465-ж. Константинополго элчилерин жиберген. Ибн-Хордадбектин (820–913) эмгеги «Китаб ал-масалик ва-л-мамаликте» хазар уруулары менен бирге «абар» уруулары эскерилет. Бирок аварлардын теги жана кайсы тилде сүйлөгөнү тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Э. Шаванн аварларды байыркы уйгур урууларына, В. Томсен байыркы түрк жазма эстеликтериндеги «апар апурумга» байланыштырса, А. Н. Бернштамдын пикиринде  1) жергиликтүү, 2) гунн (хунн), 3) түрк (эфталит), 4) жуан-жуан урууларынан куралган курама эл болгон. 568-ж. аварлар Рим империясынын Паннония провинциясында (азыркы Венгрия, Австриянын чыгышын, Словакиянын түштүк-батышын, Сербиянын түндүк-чыгышын, Словения, Хорватия жана Босния менен Герцеговинанын түндүгүн ээлеген чоң аймак) пайда болуп, 630-ж. Далмацияны басып алып, Италиядагы франктарды талкалап, түштүк-чыгышынан Константинополь менен чектешип калган. Баян хандын тушунда (562–602) гүлдөгөн абалга жеткен. 796-ж. Италиянын королу Пипин аварларга каршы жүрүшкө чыгып, Дунайдын жээгинде келгенде, алар ханын өлтүрүп, толук багынганын билдиришкен. Кийинчерээк Авар кагандыгынын түштүк-чыгыш аймактары Болгар падышалыгына карап, айрым аймактарында славян саясий бирикмелери пайда болгон. Ошондон кийин аварлар Батыш Кара деңиз жана Дунай боюндагы элдердин курамына сиңип кеткен, к. Аварлар.

Ад.: Бернштам А. Н. Аварский каганат. /Очерк истории гуннов. Л., 1951; Радлов B.B. К вопросу об уйгурах. Из предисловия к изданию Кудатку-Билика. Приложение к LXXII-му тому Записок Императорский Академии наук. №2. СПб., 1893; Ed. Chavannes. Documents sur les Tou-kiue Occidentaux, СПб., 1903.