АБСУРД ТЕАТРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБСУРД ТЕАТРЫ - Батыш Европанын театрындагы, драматургиядагы агым. Францияда 1950-жылдардын башында пайда болгон. Абсурд театрына күтүүсүз, маанисиз сюжеттер, каармандардын эпсиз кылык-жоругу, ошондой эле кызыксыз жашоону, максаттардын ишке ашпоосун сезүү мүнөздүү. Абсурд театрынын көрүнүктүү өкүлдөрү Эжен Ионеско, Сэмюэль Беккет.