АБСТРАКЦИОНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСТРАКЦИОНИ́ЗМ ( лат. abstractus - алагдыланган), п р е д м е т с и з и с к у с с т в о - 20-кылымдын көркөм искусствосундагы багыт. Чыгармаларды реалдуу нерсенин сүрөтүн көрүп туруп тартуунун ордуна, сызык, чийим, түстүү так, айкындыктан алагдыланган конфигурация сыяктуу жалаң формалдык элементтер системасы менен алмаштырган. Абстракционизм программалык багыт катары 1910-жылдын башында Европанын бир катар өлкөлөрүндө бир учурда пайда болгон. Анын негиз салуучуларына орус сүрөтчүлөрү В. В. Кандинский жана К. С. Малевич, голланд Пит Мондриан, француз Робер Делоне, чех Франтишек

Жоан Миро (1893 1983). Шалбаадагы куштардын канат кагышы - музыкадай таасир берет. 1955.

Купка кирет. Абстракционизмди баштоочулар эреже катары мистикалык идеяларга (анын ичинде теомофиялык доктриналарга) таянышкан. Алар абстракттуу түзүлүш ыкмасы көзгө көрүнгөн дүйнөнүн өтмө кубулуштарынан билинбеген ички мыйзам-ченемдүүлүктөрдү, баамчыл сезим аркылуу келген маани-маңыздарды ачып берүүгө умтулушкан. Алгачкы абстракционизм сүрөтчүлөрү архитектура, дизайн, жасалга колдонмо көркөм искусствосунун заманбап стилинин калыптанышына маанилүү салымдарын кошушкан. Биринчиден, алардын функционалдык форматта кайрылуусу эстетикалык программалардын универсалдуулугу менен түшүндүрүлөт: абстракттуу сүрөт курулуштары космостук аалам түзүлүш структураларынын проекциялары жана дүйнөнүн кынтыксыз жөнгө салынган долбоорлору катары берилген, ал эми тар мааниде адамды курчап турган предметтик жана мейкиндик чөйрөнү уюштуруудагы принциптүү схемалары катары көрсөтүлгөн. Экинчи жагынан, сүрөт тилинин биринчи бирдиктери менен иштөө композициялык принциптер менен форма жасоочу мыйзамдарды издөөгө дем берген жана алар кийин архитектуралык, предметтик формаларда чагылдырылган. Абстракционизм пайда болгондон баштап, анда 2 сызык аныктала баштаган: биринчиси - көбүнчө так жана туура чийилген конфигурацияларга негизделген геометриялык абстракция, экинчиси - эркин формадан түзүлгөн композициядагы лирикалык абстракция. Бул формалдуу айырмачылык сүрөтчүлөрдүн дүйнө таанымы менен идеялык көркөм программаларында чагылдырылган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин абстракционизм Түндүк Америка

Аугуст Мак (Мешаде) Завернинд (1887–1914). Сары күрмөчөн Жак. 1913.

менен Батыш Европа өлкөлөрүнүн көркөм турмушунда үстөмдүк кылуучу агымдардан болгон. Ичинде абстракттуу экспрессионизм, ташизм, иероглифтик абстракционизм агымдары пайда болгон лирикалык абстракциянын формалары көбүрөөк кездешет. Булардын эстетикалык концепциялары өздөрүнүн универсалдык-метафизикалык мүнөзүн жоготкон: абстракттуу форма жаратылыштын тигил же бул көрүнүштөрү менен болгон өз ара катышын гана көрсөтүп калган жана сүрөтчүнүн психикалык абалдарынын тике фиксациясы деп түшүндүрүлгөн. Абстракционизм чыгармачылыкты депрофессионализациялоо коркунучун өз ичине катып турат. Предметсиз композиция көп учурда сырткы дүйнө же таанып билүүнүн мазмуну менен байланышкан бардык ассоциацияларды жокко чыгарган нерсе катары жарыяланат.
М. Карыбекова.