АБСТРАКТТУУ ЭКСПРЕССИОНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСТРАКТТУУ ЭКСПРЕССИОНИЗМ и с к у с с т в о д о (англ. abstract expressionism) – геометриялык эмес штрихтерди, ири щёткаларды, кээде кенеп кездемелерге тамчы боёкторду колдонуп, эмоцияларды толук ачып берүү үчүн тез жана чоң картиналарды тарта турган сүрөтчүлөрдүн мектеби (кыймылы). Бул жерде экспрессивдүү сүрөт тартуу ыкмасы сүрөттүн өзү сыяктуу эле мааниге ээ. Мындай чыгармачыл ыкма менен тарткан сүрөтчүнүн максаты ички дүйнөнү (аң сезим) ой жүгүртүүсүз уюштурулган башаламан формаларда чагылдыруу. Кыймылдын баштапкы фазасы – абстракттык сюрреализм (abstract surrealism) Абстракттуу экспрессионизм Бретондун идеяларынын таасиринин негизинде 1940-жылдары пайда болгон, анын негизги жолдоочулары америкалык сүрөтчүлөр Г. Хофман, А. Горки, А. Готлиб ж. б. болгон. Кыймыл 1950-жылдары Дж. Поллок, М. Ротко жана В. де Кунинг жетектеген учурларда өзгөчө өсүшкө ээ болгон.