АБДЫЛДАЕВ Эркинбек Кыянович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Эркинбек Кыянович (1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ак-Терек айылы) – техника илимдеринин доктору (1992), профессор (1995), илим жана техника боюнча Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1987). Ленинград мамлекеттик университетин (1976), тoo механикасынын маркшейдерлик иши боюнча Бүткүл союздук илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (Ленинград, 1979), КР УИАнын тоо тектердин физикасы жана механикасы институтунун докторантурасын бүтүргөн (1992). Бүткүл союздук маркшейдер илим-изилдөө институтунда (Ленинград) илимий кызматкер, Пржевальск педагогикалык институтунда декан, кафедра башчы, Эл аралык башкаруу институтунун Караколдогу филиалында директордун орун басары, 1993-жылдан Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору. 50дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде монография, окуу куралдардын автору.
Эмг.: Напряженно-деформированное состояние массива горных пород вблизи выработок. Ф., 1990.