АБДРАХМАНОВ Сарбагыш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:12, 6 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДРАХМАНОВ Сарбагыш (1943-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы -- 2017-жыл) – физика-математика илимдеринин доктору (1994), профессор (1995). Физика жана катуу нерселер механикасы тармагы боюнча адис, КРнын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1999). КМУнун механика-математика факультетин (1964), КРдин УИАнын ФМИнин аспирантурасын (1970) бүтүргөн. КРдин ИАнын ФМИде улук инженер, илимий кызматкер, ФПИде улук окутуучу, декандын орун басары, доцент, кафедра башчысы, декан, 1999-жылдан И. Раззаков атындагы КТУнун проректору болгон. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн.