АББАС I

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 5 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АББАС I, Аббас-Шах, Аббас Бахадур Хан (азерб. Abbas Səfəvi; 27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Сефевиддер династиясынан  чыккан перс шахы (1588–1629). Бийликке келгенден кийин борборлоштурулган бийликти бекемдеп, административдик, аскер, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Анын тушунда Сефедивдер империясынын ээлиги Тигр дарыясынан Кандагар шаарына чейин созулуп, 1598-жылы өлкөнүн борбору Казвинден Исфакан шаарына көчүрүлгөн. 1601-жылы Аббас I азыркы Армения, Грузиянын бир бөлүгүн жана Ширванды, 1613-жылы Кахетия, Картли падышачылыгын толук караткан. Көп жылдар бою түрктөр (Осмон империясы) менен согушуп, Закавказьеден тышкары Бахрейн, Ормуз аралдарын басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн маданиятына кызыгып, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. Перс жана түрк-азербайжан тилдеринде сүйлөп, ырларды жазган.

Ад.: R. Savory. The history of Shah Abbas the Great. – Vol. I.