АБА ТРАНСПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:52, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ТРАНСПОРТУ — жүргүнчү, почта, жүк ташуучу транспорттун бир түрү. Аба транспорту 1-дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон. СССРде аба транспортунун өнүгүшүнө 1923-жылы Бүткүл россиялык «Добролет» ыктыярдуу аба флоту жана «Укровоздухпункт» коомдорунун түзүлүшү өтө чоң түрткү берген. Советтер Союзу учурунда дүйнөдөгү эң ири аба державасы болгон. 1972-жылы аба жолунун узундугу 780 миң кмди түзүп, Аба транспорту 3500 айыл-кыштакты жана шаарды байланыштырган, 1971-жылы 82 млн жүргүнчү, 2087 миң m почта жүк ташыган; токой, айыл чарбасы үчүн 74 млн га жерге химиялык иштерди жүргүзгөн. 1950-жылдан тартып аба транспортунда винттүү самолёттор реактивдүү самолёттор менен алмаштырыла баштаган. Кыргызстанда аба транспортунун өнүгүшү 1924-жылы Бүткүл россиялык «Добролет» ыктыярдуу аба флотунун Орто Азия бөлүгүнүн түзүлүшүнө байланыштуу. Республикада аба транспорту негизинен Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өнүктү. Азыр республиканын айрым райондору менен аба транспорту аркылуу байланыш түзүлгөн.
.