АБА ДИНАМИКАЛЫК КАЛКЫТУУ КҮЧҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:37, 4 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ДИНАМИКАЛЫК КАЛКЫТУУ КҮЧҮ – жылма беттүү катуу нерсеге аба агымынын таасир этүү күчү. Самолёттун абада калкытуу күчү анын симметрия (тең тарап) тегиздигинде жатат жанa канаттарынан абанын симметриясыз сылап өтүүсүнөн пайда болот (каптал беттери симметриялуу эмес агымга кандайдыр бурч менен кыйшайтылган). Бул учурда канаттардын үстүңкү бетинде астына караганда аба агымынын ылдамдыгы чоң, ал эми басымы аз болот. Бул кубулушту Бернулли теңдемеси аркылуу туюнтса да болот. Аба динамикалык калкытуу ылдамдык кысымга, канаттын аянтына жанa анын геометриялык мүнөздөмөлөрүнө көз каранды болгон калкытуу күчүнүн аба динамикалык коэффициентине, чабуул бурчуна, Мах санына түз пропорциялаш болгондуктан басымдар айырмасынан, вертолётто аны алып жүрүүчү буралгыларынын жардамы менен абада калкуу күчү пайда болот.