«АНТИ-ДЮРИНГ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:00, 2 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНТИ-ДЮРИНГ» – Ф. Энгельстин 1878-жылы чыккан «Евгений Дюринг мырзанын илимде жасаган төңкөрүшү» деген китебинин аталышы. Анда марксизмдин негизги бөлүктөрү баяндалат: диалектикалык жана тарыхый материализм; саясий экономия; илимий коммунизмдин теориясы, ошондой эле философиялык, табигый жана коомдук илимдердин маселелери чечмеленген. Эмгек марксисттик теорияны майда буржуазиялык идеолог Дюрингдин кысымдарынан коргоо максатында жазылган. Маркс таанышып чыгып, саясий экономиянын тарыхы боюнча бөлүк жазат. Энгельс «Анти-Дюрингдин» биринчи бөлүмүндө диалектикалык жана тарыхый материализмдин негизин баяндайт жана философиянын негизги суроосуна материалдык көз карашта жооп берет, материянын кыймылынын формаларына жана илимдин классификациясы маселелерине түшүндүрмө берет. Диалектиканын мүнөздөмөсүнө, анын негизги мыйзамдарына, диалект жана формалдык логиканын мамиле маселелерине көп көңүл бурулат, табият таануу илиминин проблемалары: Дарвиндин теориясы, органикалык клетканын ролу жана жашоонун маңызы, Канттын космогониялык гипотезасы каралат. Экинчи бөлүмүндө Дюрингдин көз караштарын сындайт, саясий экономиянын предметин жана методун аныктайт, Маркстын товар жана анын баасы жөнүндөгү окуусун баяндайт.

                                                                       Ш. К. Алиева.