«АЛТЫН ДАН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

"АЛТЫН ДАН" – ачык акционердик коом. Балыкчы шаарында жайгашкан. Мурдагы «Эгин топтоо» чакан элеваторунун буудай кампаларынын базасында (1928-32-жылдары) уюшулган. 1954-71-жылдарда реконструкцияланган, жаңы тегирмендер, буудай сактоочу кампалар курулган. 1994-жылы тегирмен кайрадан реконструкцияланып, швейцариялык «Бюллер» фирмасынын вальцалык станоктору коюлган. Стандарттык салмагы 45 кг. 1-сорттогу ун чыгарат. Келечекте кондитердик, макарон, консерва цехтерин ачуу пландаштырылууда.