«АЛТЫ БАКАН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛТЫ БАКАН»селкинчек оюнунун бир түрү. Көчмөн кыргыз элинин эзелтеден кеңири тараган оюну. Селкинчекти кыз жигиттер жайлоодо, айыл четинде, айдын жарыгында тебишкен. Бакандарды (шыргыйларды) үч-үчтөн бириктирип, башын бууп, 2,5–3 м аралыкта эки жагына орнотот.

«АЛТЫ БАКАН» 4.png

Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча бекитилет. Алты баканга үч аркан байланып, селкинчек курулат. Эки аркан бел сүйөгөнгө ылайыктап өйдөрөөк, бир аркан таман (бут) койгонго төмөнүрөөк тартылат (кийинки мезгилде таман арканынын ордуна жеңил тактайлар колдонулуп жүрөт). «Алты бакан» селкинчек тебүү кезек менен улантылат. Оюн-күлкү, тамаша, ыр, бий менен коштолот.