«АКЫЛ КАРАЧАЧ»
17:12, 10 Июль (Теке) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page «АКЫЛ КАРАЧАЧ» фольклордук каарманы to «АКЫЛ КАРАЧАЧ» over redirect) тарабынан жасалган версия
«АКЫЛ КАРАЧАЧ» ‒ фольклордук каарман. Акыл карачач уламыш боюнча Жаныбек хандын доорунда жашаган Жээренче чечендин келини. Ошондуктан көпчүлүк окуяларда экөөнүн ысымы катар жүрөт. Акыл карачач даанышман, кара кылды как жарган калыс, акылдуу жана сөзмөр делип сүрөттөлөт. Ал Жээренче чеченди ырайымсыз хандын каарынан айла-амалы, акылы менен кутултат. Акылга сергек, сөзгө чебер Акыл карачач алакөөдөн, акылсыз ханды сөзгө жыгып, өз эркиндигин да коргоп калат. Акыл карачачтын образы элдин таза, нукура көз карашын, келечек идеалын чагылдыргандыгы менен баалуу.