АЛ-МАКДИСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 19 Июль (Теке) 2024 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АЛ-МАКДИСИ,''' толук түрүндө ''Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Аби Бакр'', арабча;...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛ-МАКДИСИ, толук түрүндө Шамс ад-Дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Аби Бакр, арабча;ٱلدِّيْن أَبُو عَبْد ٱلله مُحَمَّد ابْن أَحْمَد ابْن أَبِي بَك ; айрым адабиятта ал-Мукаддаси (болжол менен 946-жылдар, Аббасиддер халифаты [азыркы Палестина], Иерусалим шаары – болжол менен 991-жылдар, Фатимиддер халифаты [азыркы Египет], Каир) – араб саякатчысы, географ, адабиятчы; «Ахсан а-Такасим фи Марифат аль-Акалим» (Аймактар тууралуу маалымат бере турган бөлүмдөр) аттуу тарыхый-географиялык эмгектин автору. Ал-Макдисинин өмүр баянына байланыштуу маалыматтар өтө аз. Эмгектерине караганда өз заманында өтө билимдүү адам катарында турган. 20 жашында зырят кылуу үчүн Мекеге барып, ажы болгон. Андан кийин саякатка даярданып, болжол менен 965–974-жылдары негизинен азыркы Палестинанын чыгыш, түндүк-чыгыш тарабындагы мусулман жерлерин кыдырып чыккан. 978-жылы экинчи жолу Мекеге зырят кылган. 984-жылы саякатын улантып Хорасан, 985-жылы Ширазга келип, чыгармачылыкка киришкен жана чогулутулган материалдарынын үстүндө иштеген.

Ад.: Сериков И. И. Ал-Мукаддаси //Восточное историческое источниковедение и вспомогательные исторические дисциплины, Вып. 2. М., 1994.