БЕГАЛИЕВ Канат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:44, 6 Июнь (Кулжа) 2024 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕГАЛИЕВ Канат (14.02.1984–ж.т., Талас обл., ……..р-ну, Өзгөръш айылы) – спортчу (грек-рим күрөшү), КРдин эмгек сиңирген спорт чебери (2009), Пекин Олимпиялык оюндардын күмүш медалынын ээси (2008). КУУнун экономика фак-тин бүтүргөн. Азиянын эки жолку чемпиону (2006, 2007). Өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону (Тегеран, 2000), уландардын Азия биринчилигинин эки жолку жеңүүчүсү (Корея, 2001, Тегеран, 2002), Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Нью-Дели, 2003). 2004-ж. Афины олимпиадасынын катышуучусу, студенттер арасында дүйнө чемпионатында коло медалдын (2006), Кытайда өткөн дүйнө чемпионатынын (2006) ж-а Азия чемпионатынын күмүш медалдарынын (2008) ээси. КРдин көп жолку чемпиону, эл аралык Гран при мелдештеринде көп жолу жеңиштерге жеткен. Машыктыруучулары – О. Шаршекеев, М. Ахметов, Э. Азыкулов. (портрет берилет) .