АХУНБАЕВА Неля Исаевна
АХУНБАЕВА Неля Исаевна (1937-жылы туулган, Фрунзе) ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1972), профессор (1974). КММИни бүтүргөн (1960). Пржевальск шаардык (азыркы Каракол) ооруканасы-
нын хирургу (1960‒61), көкүрөк хирургия бөлүмүнүн ординатору (1961‒64), КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти (1964‒72), доценти, КММАнын кафедра башчысы (1984‒90). КРСУнун хирургиялык оорулар кафедрасынын профессору (1995). КРдин эмгек сиӊирген врачы, академик Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1996). Жалпы хирургия жана көкүрөк хирургиясы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын автору.
Эмг.: Эхинококкоз легких и его хирургическое лечение (в соавторстве). Ф., 1976; Проблемы горной-медицинской экологии Кыргызстана (в соавторстве). Б., 2000.