БАА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:53, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАА -- товар наркынын акчалай туюнтмасы. Товар Баасынын өлчөмү төмөнкүчө белгиленет: 1) товардын өздүк наркы; 2) акча материалынын (алтын) наркы; 3) суроо-талап менен сунуштун өз ара катышы; алтындын баасы канчалык жогору болсо, товарлардын баасы ошончолук төмөн болот. Талап сунуштан көп болсо, Баа өлчөмү нарктан жогору болот, ал эми сунуш көбөйсө Баа нарктан төмөндөйт. Талап менен сунуш барабар болгон учурда теӊ салмактуу баа коюлат. Баа базасында аймактар, тармактар жана ишканалар ортосунда товар алмашуу жүрөт. Баа өлчөмү экономикалык мыйзамдардын, биринчи кезекте нарк мыйзамынын таасири астында аныкталат. Баа макроэкономикалык пропорцияларды, өндүрүштүн натыйжалуулугун, продукциянын өндүрүүчүлөрү менен кардарларынын экономикалык кызыкчылыгынын баланстуулугун контролдоодо, пландоодо жана талдоодо пайдаланылат. Баа калктын жашоо деӊгээлинин абалын жана динамикасын мүнөздөөчү маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.