АТАБАЕВ Аксуубай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАБАЕВ Аксуубай (22. 12. 1943-жыл, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ак-Булуӊ айылы ‒ 12. 12. 2011-жыл, ошол эле жерде) ‒ белгилүү композитор, обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2000), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер (1988). Бишкек шаарындагы М. Күрөӊкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1970), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун 1979-жылы бүтүргөн. 1979‒1982-жылдары Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын солисти, республикалык кесипчилик окуу жайларынын маданият ордосунун директору (1982‒2010) болуп эмгектенген. 200дөн ашык обондуу ырлардын автору. «Чагылган», «18 жаш», «Эне жөнүндө баллада», «Тоолор», «Кыргыз жери», «Жүрөк эӊсейт», «Курбуларга», «Айгүл ай», «Махабатым», «Таалайбек», «Белгисиз жоокер жөнүндө баллада» жана башка ырлары белгилүү. Бир нече медалдар менен сыйланган.

АТАБАЕВ 114.png