АНДРЕЕВ Юрий Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:22, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДРЕЕВ Юрий Николаевич (7. 8. 1933-жылы туулган) - геолог, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Ростов мамл. университетинин геология факультетин бүтүргөн (1957). Кыргыз геологиялык башкармасынын Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында геолог (1957-73), башкы геолог (1973-76) болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан.