АФОРИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(гр. ajorismoV ‒ аныктама, кыска сөз) ‒ таамай, курч, кыска, тереӊ мааниде айтылган нуска сөз. А-дер түзүлүшү б-ча макал-лакаптарга жакын, адатта автору болот. Фольклордо макал-лакаптарды да А-дерге кошуп карашат. А. «Манас» эпосунда Кошой, Бакай өӊдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт. Акын-жазуучуларда өзүнчө түрү (шилтемдер, төрт сап ырлар) кезигет. А. Токомбаев, Н. Байтемировдун бир шилтемдери бар, Токтогул сыяктуу актаӊдай акындардын чыгармала ры А-ге бай.