АКЧАБАЕВ Малик

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:08, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЧАБАЕВ Малик (1932-жылы туулган, Ош облусу , Хиля кыштагы) ‒ пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979), Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Эмгек жолун 1950-жылы Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган.

АКЧАБАЕВ14.png

1965-жылдан пахтачылык бригаданын бригадири. Анын жетекчилигинде бригада 1979-жылы пахтадан ар бир га жерден 53,5 цден түшүм алган. 1975‒80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.